Текебаев Шыкмаматовго: "Суук кабарды оор кабыл алдым"
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаев мурдагы партиялашы Алмамбет Шыкмаматовго жубайы каза болгонуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу анын социалдык тармактагы баракчасына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Экс-депутат Шыкмаматовдун жубайы Жанара Турдакунова эки тараптуу пневмония оорусуна чалдыгып, Улуттук госпиталда дарыланып жаткан. Анын кесепетинен 6-июлга караган түнү, көз жумду.
«Алмамбет Шыкмаматовдун жубайы Жанара Турдакунова пневмония оорусунан улам түндө ооруканада каза болгондугу тууралуу суук кабарды оор кабыл алдым. Алмамбет, сабыр-кайрат кыл! Белди бекем бууп, балдарыңа баш-көз бол! Жанаранын арты кайырлуу, ыйманы жолдош болсун!», - деп жазган Текебаев.
Белгилей кетсек, Алмамбет Шыкмаматов Өмүрбек Текебаев менен жаралган пикир келишпестик улам мандатын тапшырган эле.
Ссылка: https://barometr.kg/tekebaev-shykmamatovgo-suuk-kabardy-oor-kabyl-aldym
Добавить комментарий ×