Текебаев операциядан баш тартты
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаев калкан безинин жанында пайда болгон шишикти операция жолу менен алып салуудан баш тартты. Бул тууралуу массалык маалымат каражаттарына анын жактоочусу Таалайгүл Токтакунова билдирди. Малым болгондой, Текебаев дарыгерлердин көрсөтмө бергенине карабай операцияга макул болгон жок.
«Шишиктин зыяны жок, мындан улам оперциясыз эле дарыланууга болот. Өмүрбек Текебаев учурда комплекстүү дарыланып жатат, олуттуу дары-дамектерди ичүүдө», —дейт Токтакунова.
Эске салсак, 2017-жылдын 25-февралында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, ошол эле күнү УКМКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген. 26-февралда козголгон кылмыш ишинин алкагында Текебаев менен Чотонов камалган. Башкы көзөмөл органдын маалыматы боюнча аларга орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин арызынын негизинде иш козголгон. Маевский өз арызында Текебаев “Мегаком” иши боюнча 1 миллион доллар алып, аны кайтарбай койгонун айткан. Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев менен мурунку элчи Дүйшөн Чотонов го карата 16-август күнү чыгарылган өкүм менен тааныштырган. Райондук сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновго 3 жылга чейин мамлекеттик кызматта эмгектенүүгө тыюу салып, мүлкүн конфискациялоо менен 8 жылга эркинен ажыраткан болчу. Жогорку сот бул чечимди күчүндө калтырган.
Ссылка: https://barometr.kg/tekebaev-operaciya-kyldyruudan-bash-tartty
Добавить комментарий ×