Техникалык тейлөө станциясында өрт чыгып, 8 автоунаа күйүп кетти

10 февраль 2020 10:00 585 Barometr
Бөлүшүү:
ok

9-февраль күнү саат 14:52 чамасында Ю. Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан болжол менен аянты 630 ч.м. “Малярка kg” техникалык тейлөө станциясы (ТТС) жана ичинде 8 жеңил унаа күйгөн (Тойота Вищ, Лексус-470, Тойота Цинос, Лексус-350, БМВ-34, БМВ-39, Мерседес-Бенц-124, Фольксваген Гольф-3). Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.  

Өрттүн кесепетинен 1994-ж.т. эркек адам түтүнгө ууланып, ооруканага жеткирилген. Абалы канааттандыраарлык. Каза болгон адамдар жок.

Ссылка: https://barometr.kg/tehnikalyk-tejl-stanciyasynda-rt-chykkan



Добавить комментарий