ТЭЦти жаңылоо боюнча сот. Осмонбек Артыкбаев келишим түзүүгө таасир берген эмес

10 июль 2019 15:16 9410 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда баш калаадагы ТЭЦти модернизациялоо боюнча кылмыш ишин кароо уланууда. Процесс судья Инара Гилязетдинованын жетектөөсү менен өтүп жатат. 

Кечээ күбөлөрдү суракка алуу улантылды. “Электр станциялары” ачык акционердик коомунун тышкы байланыш бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Маматмуса Укубаев “Электр станциялары” менен Кытайдын ТВЕА компаниясынын ортосунда кол коюлган контрактык келишимде ведомстволор аралык комиссиянын чечимин милдетүү эмес кылып кошушканын айтты.

Буга чейин 2013-жылы 28-майда Энергетика министрлигинде өткөн ТВЕА боюнча ведомстволор аралык комиссиянын чечими болгону сунуштоочу мүнөздө болгону айтылган эле. Муну тергөө дагы тастыктады.

Мурдагы Энергетика министри Осмонбек Артыкбаевдин жактоочусу Укубаевден “эгерде комиссиянын чечими болгону сунуштоочу мүнөздө болсо аны “Электр станциялары” менен ТВЕАнын ортосунда болгон контрактык келишимге  эмнеге кошушкан?”, - деп сурады.

Күбө буга ведомстволор аралык комиссиянын чечими милдеттүү эмес катары алынып келинген айтып жооп узатты.

“Биз чечим бизге тоскоол болбогону үчүн аны келишимде көрсөткөнбүз”,-деп айтты Маматмуса Укубаев.

Артыкбаевдин жактоочусу журналисттерге муну менен  Бишкек ТЭЦин модернизациялоодо “Электр станциялары”   ТВЕА менен өз алдынча келишим түзгөнү сотто далилденгенин түшүндүрдү.

Күбө ошондой эле ТВЕАны баш калаанын жылуулук борборун модернизациялоо үчүн иш аткаруучу катары тартып келүү чечими Артыкбаев Энергетика министри болуп дайындалганга чейин эле болгонун тастыктады.   

Негизинен ТВЕАдан баа сунушу берилген 69 барактан турган соңку тастыкталган документ “Электр станцияларынын” бөлүмүнө 29-апрелде келип түшкөн, тактап айтканда Артыкбаев министр болгонго чейин эле баары бүткөн. Белгилүү болгондой Артыкбаев 22-майда министр катары дайындалган.

“ТВЕА менен “Электр станцияларынын” ортосундагы меморандумга январь айында кол коюлган, март айында ТВЕАдан баасы көрсөтүлбөгөн сунуш түшкөн. 29-апрелде баасы көрсөтүлгөн сунушту алып келишкен”,-деп тастыктады Маматмуса Укубаев.

Ал Артыкбаев кат жүзүндө да, оозеки дагы эч кимге көрсөтмө бербегенин мойнуна алды, анткени ал министр болгон эмес.

“Артыкбаев министр болгондон кийин дагы оозеки түрдө да, кат түрүндө көрсөтмө берген эмес”,-деп билдирди күбө.

Осмонбек Артыкбаевдин жактоочусу журналисттерге ал ишин жактап жаткан адам ТЭЦтин ТВЕА менен келишим түзүшүнө таасир бербегени сотто далилденгенин түшүндүрдү.

“Айыптоо шилтеме кылып жаткан Энергетика министрлигинин чечими милдеттүү эмес, болгону сунуштама мүнөздө болгон. Буга байланыштуу Артыкбаевдин ишке катыштыгы жок деп айтууга болот”,-деп баса белгиледи ал.

Мыйзам нормаларына ылайык, ведомстволор аралык комиссиянын чечими болгону сунуштоочу мүнөздө болот, тактап айтканда ачык акционердик коом аткарууга милдетүү эмес болот. Андан тышкары акционердик коом жөнүндө мыйзамга ылайык компания директорлор кеңешинин макулдугу, ошондой эле акционерлердин жыйынынын негизинде өз алдынча келишим түзө алат.

Сөз ТВЕА жана “Электр станцияларынын” ортосундагы контрактык келишим тууралуу болуп жатат. Коргоо ведомстволор аралык комиссиянын кеңешмеси эч нерсеге таасир бербегени сотто далилдегенин эскертти.    

УКМКнын абагында мурдагы өкмөт башчылары Сапар Исаков жана Жантөрө Сатыбалдиев, Жогорку Кеңештин депутаты  Осмонбек Артыкбаев, энерготармактын топ-менеджерлери Салайдин Авазов жана Айбек Калиевдер кармалууда. Мурдагы Каржы министри Ольга Лаврова үй камагында.   

Баардыгына кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары жана коррупция боюнча айып тагылган.

 

Ссылка: https://barometr.kg/tecti-zhayloo-boyuncha-sot-osmonbek-artykbaev-kelishim-tzg-taasir-bergen-emes



Добавить комментарий