Депутат: Кышында электр боюнча кандай кыйынчылыктар болорун элге айтышыбыз керек

28 июнь 2021 13:29 2902 Barometr
Бөлүшүү:
ok

“Улуттук энерегетикалык холдингдин мурдагы башчсы Бакыт Сыдыков энергетика боюнча өткөн тегерек столдо эгерде чукул чаралар кабыл алынбаса күзүндө жана кышында энергетикалык коллапс болорун айткан эле. Сиз буга кошуласызбы?”,-деп сурады бүгүн, 28-июнда парламенттин бюджет жана каржы боюнча жыйынында депутат   Осмон Турдумамбетов аталган холдингдин башчысынан.

Улуттук энерегетикалык холдингдин жаңы башчысы Асхат Бердиев анын сөзүнө толук кошула албасын, анткени учурда коллапсты токтотуш үчүн бир катар иштер жасалып жатканын маалымдады.

“Токтогул суу сактагычындагы сууну үнөмдөш үчүн коңшу мамлекеттерден электр энергиясын импорттоо боюнча иштер жүрүп жатат. Анын ичинде лимит коюу, электр энергиясын товар катары алмашуу да бар. Бишкек ТЭЦинде электр энергиясын иштеп чыгууну  млрд 100 млн кВт.саатка көбөйтүү каралды”,-деп айтты башчы.

 

Ссылка: https://barometr.kg/deputat-kyshynda-elektr-boyuncha-kandaj-kyjynchylyktar-bolorun-elge-ajtyshybyz-kerek



Добавить комментарий