ТЭЦти модернизациялоо боюнча сотто Артыкбаевдин ишке тиешеси жок экенин кайрадан тастыкташты
Бүгүн, 6-июнда Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Бишкек ТЭЦин модернизациялоо боюнча кылмыш ишин кароо маалында жабырлануучу тарап катары сүйлөп жаткан Каржы министрлигинин кызматкери Урмат Камбаров парламенттин депутаты Осмонбек Артыкбаевдин КРнын мыйзамына ылайык, ведомстволор аралык комиссиянын чечиминин статусу боюнча суроосуна бул болгону рекомендация мүнөзүндө болгонун айтып жооп узатты.
“Ведомстволор аралык комиссиянын чечими, мыйзам нормаларына ылайык болгону сунуштоочу мүнөздө”,-деп айтты Камбаров.
Артыкбаевдин жактоочусу журналисттерге муну менен Артыкбаев иш аткаруучу тандоого таасир бербегени сотто далилденгенин айтты.
“Айыптоо шилтеме берип жаткан Энергетика министрлигинин жыйынынын чечими милдеттүү эмес, болгону рекомендациялык мүнөздө болгон. Буга байланыштуу Артыкбаевдин ишке тиешеси жок деп айтсак болот”,-деп билдирди жактоочу.
Белгилей кетсек, мыйзам нормаларына ылайык ведомстволор аралык комиссиянын чечими болгону рекомендациялык мүнөздө болот. Акционердик коом тууралуу мыйзамга ылайык, компания өз алдынча директорлор кеңешинин, ошондой эле акционерлердин жыйынынын макулдугу менен келишим түзө алат.Сөз ТВЕА жана “Электр станциялары” компаниясынын ортосундагы контрактык келишимдин түзүлгөнү тууралуу болуп жатат.
Ушундай жол менен сотто ведомстволор аралык комиссиянын жыйыны эч нерсеге таасир бербегени далилденди.
Буга чейин ЖМКларда кабарлангандай, тергөө башкармалыгын начальниги Сагынбек Самидин уулу ЖЭБди модернизациялоо боюнча парламенттин жыйынында депутатардын суроолоруна жооп берип, Осмонбек Артыкбаев министр болуп турганда ЖЭБ боюнча чечим кабыл албагандыгын билдирген.Ошондой эле ал компанияны тандоодо жана 386 млн.доллар өлчөмүндө келишимдин суммасы президенттик аппаратта Артыкбаев министр болгонго чейин эле чечилгендигин тастыктаган.
Добавить комментарий ×