Таттыбүбү Турсунбаеванын жаркын элесине арналган сынак өтөт

8 июль 2018 03:30 2623 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Таттыбүбү  Турсунбаеванын жаркын элесине арналган сынак өтөт. "Ыртолкундары"  деп аталган эл аралык сынак 11-17-июлга чейин Ысык-Көлдүн жээгинде болот. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди..

Иш-чара Нуркан Турсунбаев атындагы эл аралык фондунун демилгеси менен уюштурулуп, "Рух-Ордо"маданий борборунда өтөт.

Министрликтин маалыматында, ырчылар арасындагы сынактын жеңүүчүсүнө 1 миллион сом байге ыйгарылат. Фестивалдын негизги максаты — кыргыздын профессионалдык музыкасын дүйнөлүк деңгээлге көтөрүү. Катышуучулардын талантына Казакстан,  Россия, Азербайжан жана Түркиядан келген адистер баа бермекчи. 

Ссылка: https://barometr.kg/tattybb-tursunbaevanyn-zharkyn-elesine-arnalgan-synak-tt



Добавить комментарий