Ысык-Көлгө чөгүп бара жаткан 17 жаштагы кызды милиция куткарып калды

1 август 2023 14:53 1352 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ысык-Көлдө милиционерлер 17 жаштагы кыздын өмүрүн сактап калышты. Бир аз кеч калганда ал Ысык-Көлгө чөгүп кетмек. Бул тууралуу ИИМдин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Кече, 31-июль күнү болжол менен  кечки 18:15до  Ысык-Көл облусунда жайгашкан “Кекилик”  панционатындагы көлдүн жээгинде коомдук коопсуздукту камсыздап жүрүшкөн  ИИМдин Атайын багыттагы полкунун 1-батальонунун  кызматкерлери  милициянын старшинасы Нурланбек уулу Жеңиш жана милициянын кенже сержанты Айнабек Курманбеков  жардам сурап жаткан кыйкырыкты угуп, куткарып калышкан. 

“Алар дароо көлгө чөгүп жаткан жаранды көздөй чуркашып, тез аранын ичинде аман-эсен куткарып калышкан. Куткарылган жаран Бишкек шаарынын 2006-жылы туулган тургуну болгон. Эс алууга келген кыз аба ырайы кескин өзгөрүп, шамал болуп, жаан жаагандыгына байланыштуу суудан чыга албай чөгө баштагандыгын, милиционерлер көрүп калып, бир өлүмдөн куткаргандарына ыраазы экенин айткан. Куткарылган кыз өз убагында ыкчам куткарып, дагы бир өмүр тартуулаган милиция кызматкерлерине терең ыраазычылык билдирди”, -деп айтылат маалыматта.  

Белгилей кетсек, учурда туристтик мезгилге байланыштуу Ысык-Көл облусунда туристтердин жана эс алуучулардын коопсуздугун камсыздоо максатында милиция кызматкерлери иштеп жатышат. 

Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-kld-suuga-chgp-bara-zhatkan-17-zhashtagy-kyzdy-miliciya-kyzmatkerleri-kutkaryp-kaldy



Добавить комментарий