Таттыбүбү Турсунбаеванын жаркын элесине арналган сынак өтөт
Таттыбүбү Турсунбаеванын жаркын элесине арналган сынак өтөт. "Ыртолкундары" деп аталган эл аралык сынак 11-17-июлга чейин Ысык-Көлдүн жээгинде болот. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди..
Иш-чара Нуркан Турсунбаев атындагы эл аралык фондунун демилгеси менен уюштурулуп, "Рух-Ордо"маданий борборунда өтөт.
Министрликтин маалыматында, ырчылар арасындагы сынактын жеңүүчүсүнө 1 миллион сом байге ыйгарылат. Фестивалдын негизги максаты — кыргыздын профессионалдык музыкасын дүйнөлүк деңгээлге көтөрүү. Катышуучулардын талантына Казакстан, Россия, Азербайжан жана Түркиядан келген адистер баа бермекчи.
Ссылка: https://barometr.kg/tattybb-tursunbaevanyn-zharkyn-elesine-arnalgan-synak-tt
Добавить комментарий ×