Мэр: Таштанды иштетүүчү завод салына турган 22 млн евро натыйжасыз пайдаланылган

17 октябрь 2022 14:54 1763 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Борбор калаанын мэри Бишкектин санитардык полигонуна көчмө жыйын өткөрүп, ал таштандыны кайра иштете турган завод курула турган акчаны мурдагы бийлик максатсыз колдонуп койгонун айтты. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматына таянып “Барометр” билдирет.

Көчмө жыйындын  жүрүшүндө мэр таштандыларды кайра иштетүүчү завод курууну өзүнүн ишинин приоритети деп атады.

Азыр таштанды таштоочу жайда 11 миллион метр куб таштанды бар, ал күйүүнү улантууда.

Полигондун көйгөйлөрүн чечүү үчүн Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) тарабынан бөлүнгөн 22 миллион еврону мурунку бийликтегилер натыйжасыз пайдаланышкан. Эми 6,2 миллион евро калды, ага гидроизоляция, метан соргуч түтүк жана таштандыларды чыгаруу керек.

Жакынкы арада мэрия таштандыларды кайра иштетүүчү завод куруу боюнча жаңы тендер жарыялайт.

Полигондун аймагы тосулуп, канча таштанды ташылып келгенин көзөмөлдөө үчүн видеокамералар да орнотулат. Андан кийин КРнын Илимдер академиясы менен биргеликте 40 гектар аянтта рекультивация жүргүзүлөт.

Ссылка: https://barometr.kg/tashtandyny-kajra-ishtetch-zavod-salyna-turgan-22-mln-evronu-buga-chejin-zhep-koyuushkan



Добавить комментарий