Ташкенттин экс-прокурорунун качып жүргөн тууганы Кыргызстанда кармалды
Бөлүшүү:
Ташкенттин экс-прокурору Мираглам Мирзаевдин тууганы Кыргызстанда кармалды. Бул тууралуу vesti.uz маалымат булагы кабарлады.
Издөөдө жүргөндүгүн билгенден соң Зиёдулла Иногомов Өзбекстандан качып кетүүгө аракет жасаган. Ал буга чейин борбордун төрт районунда шаардык прокуратурага карштуу департаменттерде жогорку кызматтарды аркалап келген.
Ал эми Мираглам Мирзаев болсо Ташкент шаарынын прокурорунун коррупция жана экономикалык маселелер боюнча орун басары болуп иштеп келген жана учурда аталган өлкөнүн Кылмыш кодексинин бир канча беренелери боюнча айыпталууда.
Ссылка: https://barometr.kg/tashkenttin-eks-prokurorunun-kachyp-zhrgn-tuugany-kyrgyzstanda-karmaldy
Добавить комментарий ×