Ташкент кинофестивалында атайын сыйлык Айтурган Темировага ыйгарылды

30 сентябрь 2021 11:59 1777 Barometr
Бөлүшүү:
ok

“Жибек жолунун бермети” деп аталган эл аралык кинофестивалда КРнын эл артисти Айтурган Темировага атайын сыйлык тапшырышты. Бул тууралуу кино таануучу Гульбара Толомушова социалдык баракчасы аркылуу маалымдаганын “Барометр” кабарлайт.

Аталган кабарга таянсак, сыйлык актрисанын дүйнөлүк кино искусствосуна кошкон зор салымы үчүн ыйгарылган.

Айтурган Темировадан тышкары сыйлыктар Радж Капур (Индия), Никита Михалков (Россия), Сайрам Исаева (Тажикистан) жана Нури Бильге Джейламга (Түркия) берилди. Радж Капурдун сыйлыгы анын уулуна тапшырылды.

Ташкент кино фестивалы Азия, Африка жана Латын Америкасынын өлкөлөрүнүн эл аралык кино фестивалы болуп саналат.

Фестиваль 28-сентябрда башталган, 3-октябрда аяктайт.

Ссылка: https://barometr.kg/tashkent-kinofestivalynda-atajyn-syjlyk-ajturgan-temirovaga-yjgaryldy



Добавить комментарий