Ташиев: Уулум Испаниянын "Леванте" футболдук клубуна чакыруу алды
Бөлүшүү:
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиевдин уулу Эмир-Хан Испаниянын "Леванте" футболдук клубуна чакыруу алды. Бул тууралуу Камчыбек Ташиевдин соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип «Барометр» билдирет.
“Кичүү уулум Эмир-Хан 15 жашта. 1,5 жыл атактуу “Паоло Россинин” академиясында билим алды. Жарым жылдай Италиянын “Перуджа” футболдук клубунда ойноду. Уулум эми Испаниянын "Леванте" футболдук клубунун командасынын кароосуна чакыруу алды. Эмир-Хан биринчи жолу мен жок жалгыз чет өлкөгө аттанып жатат. Уулум сага ак жол каалайм. Мен тилек кылам, сен “Ла Лигада” ойногон биринчи кыргыз жигити болосуң”, - деп жазды Ташиев.
Добавить комментарий ×