Ташиев: Күн карама болбой, туубузду өзгөртүшүбүз керек

26 октябрь 2023 18:15 547 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Коопсуздук кызматынын башчысы Камчыбек Ташиев туунун өзгөртүлүшүн колдойт. Бул тууралуу Ташиев соцтармактагы баракчасына калтырган билдирүүгө шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Билдирүүдө Ташиев президент Садыр Жапаров менен бирге Жалал-Абадка болгон иш сапары учурунда, Аюб тоого мамлекеттик тууну орнотушканы айтылат. 

“Урматтуу мекендештер!

Бүгүн өлкөбүздүн президенти Жапаровдун жетекчилигинде Жалал-Абад шаарында Аюб тоодо мамлекетибиздин туусун көтөрдүк.

Эки күндөн бери туубузду өзгөтсөк болобу же болбойбу деп талкуулап жатасыздар, менин пикирим боюнча өзгөртүшүбүз керек! Туубузга карап түздөлөбүз, урматтайбыз, мамлекетибизди туу аркылуу таанышат, демек күн карама болбостон тике тийген, күндөй жаркыраган белги берилиш керек. Мен мамлекетибиздин туусун өзгөрткөндү колдоймун.

Күндүн нурундай жаркыраган туубуздун алдында бир муштумдай бирдиктүү бололу!”, -деп жазды Ташиев.

Ссылка: https://barometr.kg/tashiev-kn-karama-bolboj-tuubuzdu-zgrtshbz-kerek



Добавить комментарий