Талибдер Кабулдан уча турган баардык каттамдар токтотулганын билдиришти

17 август 2021 21:28 1176 Barometr
Бөлүшүү:
ok

"Талибан"  уюму Кабулдан уча турган баардык каттамдар убактылуу токтогону тууралуу маалымдашты. Бул тууралуу Baghdad Today булагы кабарлаганын “Барометр” билдирет.

“Уюмдун жоочулары Кабул эл аралык аэропортунан учурула турган баардык учактар токтотулганын маалымдашты. Ошондой эле афган өкмөтүндө иштеген баардык кызмат адамдарына мунапыс жарыялашты жана аларды жумушка кайтып келүүгө үндөштү”,-деп айтылат порталдын маалыматында.

Аталган маалыматка таянсак, аэропорттун жанына чогулган адамдарды таратыш үчүн талибдер абага бир нече ирет ок чыгарышкан.

Буга чейин Афганистандын баш калаасынын аэропортунда башаламандык болуп жаткан. Жүздөгөн адамдар өлкөдөн чыгып кетүүнүн аракетин кылышып аэропортко жыйналышкан.

Ссылка: https://barometr.kg/talibder-kabuldan-ucha-turgan-baardyk-kattamdar-toktotulganyn-bildirishti



Добавить комментарий