Талибдер Афганистанда баңгизат өндүрүү токтотуларын билдиришти

18 август 2021 00:41 4763 Barometr
Бөлүшүү:
ok

«Талибан» кыймылынын өкүлдөрү Афганистанда баңгизат өндүрүү токтотуларын билдиришти. Бул тууралуу кыймылдын расмий өкүлү Забихулла Муджахид Кабулда болгон алгачкы басма сөз жыйынында айтканын “Барометр” маалымдайт.

“Афганистан кайсы бир баңгизатын өндүрө турган борбор болбойт деп дүйнөнүн ишендиргим келет. Биз бул жамандыкты өзгөртүүгө аракет кылабыз”,-деп айтты Муджахид.

Забихулланын айтымында, афган фермерлери апийим айдоону токтотуп, башка өсүмдүктөрдү культураларды өстүрмөкчү.

Эскерте кетсек, Афганистанда баңгизатын өндүрүү 1980-жылдан тартып кеңейген. Бириккен улуттар уюму берген маалыматка таянсак, 2020-жылы Афганистанда 6,3 миң тонна опиум өндүрүлгөн.

Ссылка: https://barometr.kg/talibder-afganistanda-bagizat-ndr-toktotularyn-bildirishti



Добавить комментарий