Талибдар Афганистандагы өзбек тилинин расмий макамын алып салды

20 сентябрь 2021 10:19 1648 Barometr
Бөлүшүү:
ok

"Талибан" (Кыргызстанда тыюу салынган) кыймылынын башчылары Афганистанда жаңы башкаруу системасын бекиткен жана мурда аныкталган үч расмий тилдин ордуна эки расмий тилди калтырган убактылуу мыйзамды кабыл алышты. Бул тууралуу РИА Новости булагына шилтеме кылуу менен “Барометр” маалымдайт.

“Негиздер” деп аталган жаңы мыйзамда Афганистандын расмий дини- ханафий мазхабындагы сунниттик ислам, расмий тили-пушту жана дари тили болуп таанылды.

Буга чейин Афганистанда өзбек тили да расмий тил макамына ээ болуп келген, аталган тилди түндүктөгү көп провинциялар колдонот.

Ссылка: https://barometr.kg/talibdar-afganistandagy-zbek-tilinin-rasmij-makamyn-alyp-saldy



Добавить комментарий