Таиландда 6 жашар эгиздерди үйлөнтүштү

28 декабрь 2018 10:05 2095 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Таиландда 6 жашар эгиздер баш кошушту. Бул тууралуу Live.ru басылмасы жазып чыкты.

Жергиликтүү жашоочулардын ишенимдери боюнча бири эркек экинчиси кыз болгон эгиздер мурдагы жашоолорунда бирге боло алышпаган сүйүшкөндөр деп санашат. Ошондуктан алар мындай эгиздердин "мурдагы жашоосундагы өкүнүчтөрүн ишке ашыруу" максатында аларды баш коштурушат.

Кезектеги үйлөнүү тойдо Аморнсан Санторн Малират аттуу тургундун 6 жашар эгиздери баш кошушкан.

"Биз кыз менен баланын жеке бактысы үчүн бул майрамды уюштурдук. Таиланддыктардын ишенимдери боюнча түрдүү жыныстагы эгиздер - бул мурдагы жашоолорунда бири-бирин сүйүп, бирок жетпей калгандар. Биз буларды мындайдан арылтышыбыз керек. Эгер экөөсү баш кошушса, анда алардын ден-соолугу чың жана бактылуу болушат. " -деди эгиздердин атасы.

Бирок бул той келечекте эгиздердин тагдырына, жашоосуна эч кандай бөгөт койбойт. Аларды мыйзам юридикалык жактан бир үй-бүлө болууга милдеттендирбейт. Эгиздер бой жеткенде өздөрү каалаган адамы менен чогуу боло алышат.


Ссылка: https://barometr.kg/tailandda-6-zhashar-egizder-bash-koshushtu



Добавить комментарий