Табыңыз көтөрүлүп турганда жегенге болбой турган тамактар
Диетологдор адамдын дене табы көтөрүлүп турганда жегенге болбой турган тамак-аштын тизмегин атады. Ал тамак-аштарды колдонсоңуз, ооруну күчөтүп жибериши мүмкүн. Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.
Жаңгак
Жаңгак-адамдарга күч-кубат берген жемиштин катарын толуктайт. Ооруп турган кезде жаңгакты жесеңиз, огош бетер тамагыңызды кычыштырып, оорууну күчөйтөт.
Кофе жана ичимдиктер
Ичимдиктин вирустук ооруларга тийгизген зыяны көп. Анткени, ал организмде реакция жаратып, иммунитетти түшүрүп жиберет. Ал эми, кофени миң суук тийгенде да ичпеш керектигин адистер эскертет. Себеби, ал терини кургатып жиберет.
Тез татым тамак-аштар
Дене тап көтөрүлгөн убакта, тез татым тамактарын жегенге дагы болбойт. Анткени, алар ичеги карындын иштөөсүн начарлатат.
Таттуулар
Конфет, шоколад сыяктуу таттуулардын курамында калория көп. Ошон үчүн, алар тамак ооруп жатканда, андагы бактериялардын көбөйүшүнө себеп болот.
Ссылка: https://barometr.kg/tabyyz-ktrlp-turganda-zhegenge-bolboj-turgan-tamaktar
Добавить комментарий ×