Табигый кырсыктардын алдын алуу иштери токтотулбайт

31 март 2020 15:30 1646 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров 30-мартта өткөргөн аппараттык кеңешмеде өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу министрликтин негизги милдети болгон табигый кырсыктарды алдын алуу багытындагы иш чаралар солгундап калбасын, министрликтин мерчемине кирген эң кооптуу делген аймактарда иштер жүргүзүү керектигин тиешелүү башкармалыктын башчыларына тапшырды. Бул тууралуу ӨКМдин Басма сөз кызматы билдирди.     

Бүгүнкү күндө калкты жана аймактарды сел, суу ташкыны, жер алдындагы суулардын көтөрүлүүсү, жер көчкү коркунучтарынан жана табийгаттын башка кырсыктарынан коргоо үчүн өткөрүлүүчү “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” иш-чаралары жүргүзүлөт. 

ӨКМдин калк жана аймактарды коргоо башкармалыгынын берген маалыматында 2020-жылдагы Болжолдуу-планына 312 объект киргизүү каралып (2420- ӨКМ тарабынан 70 - объект ЖБ тарабынан)  жана жумушту аткарууга болжолдуу түрдө 98 миң сом каралууда. 

26-мартка карата республика боюнча 34 объектиде жумуш жүргүзүлүп, анын ичинен 29 объектиде жумуш аяктаган, 1 объектиде жумуш улантылууда, 4 объектиде жумуш токтоп турат. 

Ссылка: https://barometr.kg/tabigyj-kyrsyktardy-aldyn-aluu-ishteri-bashtalat



Добавить комментарий