Таң калыштуу сунуштардын автору, депутат: "Башка улуттун өкүлдөрүнө жарандык бербеш керек"

6 декабрь 2018 12:34 1297 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 6-декабрда Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов башка улуттун өкүлдөрүнө Кыргызстандын жараны болууга уруксат бербөө сунушун киргизди. Анын айтымында Кыргызстанга пайда алып келбеген башка улуттун өкүлдөрүнө жарандык берүүдөн баш тартышыбыз керек.

"Кара-Суу", "Дордой", "Мадина" базарларында башка улуттун өкүлдөрү иштешет. Алар биздин жумушчуларга ыңгайсыздык жаратышат. Ал аз келгенсин эл өкүлдөрү аларга жарандык берип жагымдуу абал түзүп берет" -деди депутат.

Ал ар бир чет элдик кыргыз жараны 50миң доллар акча төлөшү керек экендигин да кошумчалады.

Бирок Икрамов бул процессти кантип ишке ашыруу керектигин, башка улуттун өкүлдөрүнүн Кыргызстанга келтирген пайдасы кандай экенин кантип аныктоо керектиги тууралуу эч нерсе айткан жок.

Маалымат катары айта кетүүчү жагдай Тазабек Икрамов өзүнүн "таң калыштуу" сунуштары менен таанымал болгон. Ал "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан чыгарылып салынган.

Эске салсак, депутат буга чейин башка мамлекеттерден Кыргызстанга калпак алып кирүүгө тыйуу салууну жана депутаттардын кызматтык унааларына атайын номерлерди кайра берүүнү сунуштаган. Муну менен ал карапайым калк депутаттарды алыстан унаасын көрүп таанып турушун каалаган.


Ссылка: https://barometr.kg/ta-kalyshtuu-sunushtardyn-avtoru-deputat-bashka-uluttun-kdrn-zharandyk-berbesh-kerek



Добавить комментарий