Икрамов: Коронавирустан кутулуунун бир гана жолу жоопкерчилик экенин сездим

30 июнь 2020 14:07 957 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Депутат Тазабек Икрамовко коронавирус жукту. Бул тууралуу анын социалдык тармактагы баракчасына таянып «Барометр» билдирет.

«Тилекке каршы, мен да бул илдетке кабылдым. Үй шартында өзүмдү өзүм жалгыз кармап, үй-бүлөм, жакындарым менен катнашты токтоттум. Санитардык абалды так сактадым. Позитивде болдум. Даарыгерлер айткан көрсөтмөлөрдү так аткардым. Кудайга шугур, оор күндөр артта калды. Демек, биз бул илдеттен кутулуунун бир гана жолу бул жеке жарандардын жоопкерчилиги экенин жон терим менен сездим"» - деди эл өкүлү.

Учурдагы абалдын кооптуулугуна, ошондой эле ар бирибиз өздүк гигиенаны сактоо менен коронавируска бөгөт коюга мүмкүн экенин депутат белгиледи.

«Өлкөдө илдетке кабылгандардын саны көбөйдү. Мындай кырдаалдан чыгуунун бир гана жолу калды. Ал ар бир жаран жоопкерчилик менен бул илдеттин алдын алууга салым кошуусу. Бул илдетти азыр биздин медицина ооздуктай албайт. Бир гана жол ар бир жаран өзүнүн ден соолугуна кам көрүп, жоопкерчилик менен мамиле кылышы зарыл. Ар бир көчөдөгү жаран бүгүнкү күнү вирусту алып жүрүүчү болуп, бир канча кишини илдетке чалдыктырып жатат. Бул өтө коркунучтуу. Биз дайым өзүбүздү эле эмес, башка мекендештерибиздин ден соолугун ойлогонго да милдеттүүбүз!"» - деп кошумчалады  Икрамов.

Ссылка: https://barometr.kg/deputat-tazabek-ikramovko-koronavirus-zhuktu



Добавить комментарий