Тазабек Икрамов карантин киргизилген Сузактан келгенин айтты, башка депутаттар нааразы болду

19 март 2020 18:40 1323 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов жолго кар көчкү түшкөндүктөн Сузактан жаңы эле келгенин парламенттин жыйынында айтты.

Ал үч айылга карантин киргизилгенин айтты. Мисалы Кызыл-Туу айыл өкмөтүндө 30 миңдей киши жашай турганын билдирип, абал оор экенин дары-дармек жетишпей жатканын белгиледи. Бул маселеге өкмөттүн көңүл буруусун суранды.

Өз кезегинде депутат Дастан Бекешев депутаттар өздөрү карантиндин эрежесин бузбашы керектигин белдирди.

“Карантин киргизилген жерлерге барбасак. Туура эмес го. Биз өзүбүз карантинди бузуп тартипти бузуп жатпайбызбы. Болбойт го. Анда келгиле депутаттарды дагы карантинге киргизели”, — деди Бекешев.

Учурда Сузак районунун үч айылына карантин киргизилип, 19 блокпост коюлган. Ал жерде милиция кызматкерлери менен дарыгерлер күзөтүп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/tazabek-ikramov-karantin-kirgizilgen-suzaktan-kelgenin-ajtty-bashka-deputattar-naarazy-boldu



Добавить комментарий