“Таң атпай абдан күчтүү зордуктоо болду” деген полиция эмне болгонун жашырууда

20 апрель 2019 15:52 10011 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Испаниянын Барселона шаарынын полициясы шаардын борбордук көчөлөрүнүн биринде таңкы сааттарда “абдан агрессивдүү зордуктоо катталды” деп кабарлады. Бул тууралуу La Vanguardia булагы маалымдоодо.

Жабырлануучу -37 жаштагы аял башынан жана мойнунан жаракат алып ооруканага жетирилди. Испан бийлиги бул жагдайга кабатырланганын билдирди. La Vanguardia булагына полиция кызматкери бул чуулгандуу жагдайдын деталдарын билдиришпей турганын, чындыгында начар окуя болгонун айтып журналисттердин бүйүрүн кызытууда. Эмне болгонун так айтылбай жатат.

Жергиликтүү ЖМК берген маалыматтарга таянсак, жабырланган аялга алгачкы болуп пол жууган аялдар жардамга келген, андан соң полиция чакыртышкан.

Кылмышкерге издөө жарыяланды.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/ta-atpaj-abdan-kcht-zorduktoo-boldu-degen-policiya-emne-bolgonun-zhashyruuda



Добавить комментарий