ӨКМ: Төө-Ашууда кар көчкү коркунучу сакталат

21 февраль 2020 10:26 564 Barometr
Бөлүшүү:
ok

21-февралга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек - Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, Мырза-Аке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолунун 45-115-чакырымдарында, Ала-Бука - Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка - Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында жана Каракол - Эңилчек унаа жолунун 64-90 чакырымында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Жолдор тоңуп тайгак болот.

Андыктан унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Ссылка: https://barometr.kg/t-ashuuda-kar-kchk-korkunuchu-saktalat



Добавить комментарий