“Салттуу музыка жумалыгынын” алкагында “Дастан күнү” белгиленди
Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрында “Салттуу музыка жумалыгынын” алкагында “Дастан күнү” белгиленди. Иш-чарада Казакстан, Өзбекстан жана Каракалпакстандан келген өнөр ээлеринин катышуусу менен салттуу музыкалык искусствонун айтуучулук багытына арналган манасчы, дастанчы, акындардын концерти тартууланды.
Салттуу музыка күнү Кыргыз Республикасында 15 жылдан бери белгиленип келет.
Буга ылайык, Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук консерваториясында жана М.Куренкеев атындагы музыкалык окуу жайында Казак Республикасынын Нур-Султан (Астана) шаарындагы Улуттук Өнөр университетинин профессору, искусство таануу илимдеринин кандидаты, Казакстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Саида Елеманова жана Искусство таануу илимдеринин доктору, Ташкенттеги Мамлекеттик консерваториянын профессору Р.С.Абдуллаевдердин лекциялары окушту.
Казакстандын Курмангазы атындагы Улуттук консерваториясынын окутуучусу, “Каусар” жетигенчилер тобунун жетекчиси Нургул Жакыпбек кызынын масстер-классы өтүп жатат.
Ал эми, кечки саат 18:00дө Кыргыз Улуттук драма театрында Салттуу музыкалык искусствонун аспапчылык багытына арналган комузчу, кыякчы, чоорчу аспапчылардын концерти өтөт.
Добавить комментарий ×