Кыргызстандык дарыгерлер Түркияга боорду алмаштырууга окуу, тажырыйба алуу үчүн учуп кетти

24 январь 2024 14:48 410 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандык дарыгерлер Түркияга боорду алмаштыруу үчүн тажырыйба алуу үчүн учуп кетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, Түркиянын Инөнү университетинин ортосунда кол коюлган кызматташуу келишиминин алкагында бүгүн, 24-январда Улуттук хирургия борборунун адистеринен турган топ боорду трансплантациялоо боюнча операцияларды жүргүзүүдө керектүү билимди жана практикалык тажрыйбаны алуу боюнча стажировкадан өтүү үчүн үч айлык мөөнөткө жөнөтүлдү.

“13 адистен турган дарыгерлер тобунда хирургдар, анестезиологдор, УЗИ дарыгери, лаборант жана медайымдар бар. Биздин адистер Түркиянын Инөнү университетинде бекер окуудан өтүшөт, окуу мезгилинде бекер жатакана жана тамак-аш менен камсыз болушат.

Бир күн мурун бул адистер менен академик Мамбет Мамакеев жолугуп,  алардын жоопкерчилиги чоң экенин баса белгилеп, ийгиликтерди каалады”, -деп айтылат маалыматта.

 «Кыргызстанда боорду алмаштыруу операциясын ийгиликтүү өткөрүү көптөн бери пландалып келет. Мен кыргызстандык хирургдардын боорду трансплантациялоо боюнча ийгиликтүү иштерин көрүүгө үмүтүм чоң», - деди Мамбет Мамакеев.

Эскерте кетсек, 2024-жылдын 11-12-январында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев клиникасы органдарды трансплантациялоо боюнча беш мыкты мекеменин бири болгон Түркиянын Инөнү университетинде болгон. Иш сапардын жыйынтыгында КР Саламаттык сактоо министрлиги менен Инөнү университетинин ортосунда кызматташуу келишимине кол коюлган.



Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyk-darygerler-trkiyaga-boordu-almashtyruu-chn-okuu-tazhyryjba-aluuga-uchup-ketti



Добавить комментарий