Сыймык Бейшекеев Элмирбек Иманалиев атындагы мамлекеттик сыйлык уюштурууну сунуштады
Эстрада ырчысы, КРдин эмгек сиңирген артисти Сыймык Бейшекеев Элмирбек Иманалиев атындагы мамлекеттик сыйлык болуусу керектигин билдирди.
“Бул сыйлык улуулукка угут болуп берери талашсыз нерсе. Бүгүн ушул изги тилек сунушумду калктын кадырын билген Садык Шер-Нияз баатырга айттым. Менимче көпчүлүктөн колдоо тапса, биз бел болуп берсек, жолборс жүрөк Сакем бул сунушту Жогорку Кеңештин трибунасына алып чыгып ишке ашырат. Көөнөргүс мурасыбыздын эртеңине, улуу өнөрдүн урматы артып, кадыры бийиктесин десеңиз сиздин колдоого бул сунуш абдан муктаж”, — деп жазды Бейшекеев.
Белгилей кетсек, төкмө акын Элмирбек Иманалиев 42 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Анын сөөгү Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.
Акынды анын санаалаштары эскеришти. Алардын арасында Жогорку Кеңештин депутаты, “Айтыш” республикалык коомдук фондунун негиздөөчүсү Садык Шер-Нияз жана эл өкүлү Каныбек Иманалиев бар.
Ссылка: https://barometr.kg/syjmyk-bejshekeev-elmirbek-imanaliev-atyndagy-syjlyk-uyushturuunu-sunushtady
Добавить комментарий ×