Сузакта өз атасы бойго жеткен кызын зордуктоого шектелип кармалды
Сузакта атасы өз кызын зордуктоого шектелүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалым болгондой, 19 жаштагы кыз өз атасы 2022-жылдын сентябрь айында зордуктап койгонун айтып милицияга кайрылган.
“Сузак РИИБге район тургуну 2004-ж.т. кыз арыз менен кайрылып, 2022-жылдын болжол менен сентябрь аянын аягында үйүндө атасы 1980-ж.т. Н.К. зордуктап койгондугун билдирген.
Бул факты Сузак РИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (зордуктоо) менен катталып, кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.
Окуяга шектүү катары Сузак районунун тургуну 1980-ж.т. Н.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүүдө”, -деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/suzakta-z-atasy-bojgo-zhetken-kyzyn-zorduktoogo-shektelip-karmaldy
Добавить комментарий ×