Сузакта тилемчилик кылып жүргөн жаш балдар үйлөрүнө кайтарылды (Сүрөт)

20 август 2020 14:13 2548 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Сузак районунун аймагында «Тилемчи» аталышындагы ыкчам алдын алуу иш-чарасы өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Сузак районунун аймагында райондук ИИБнин жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары, балдарды коргоо бөлүмү менен биргеликте жашы жете электердин арасында жайкы эс алуу учурунда кылмыштуулуктун алдын алууда жана селсаяктык, тилемчилик менен алектенишин болтурбоо максатында «Тилемчилик» аталышындагы ыкчам алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү.

 Күч органдарына Сузак районунун тургуну үч баласы 17-августтан бери дайынсыз болуп жатат деп арыз менен кайрылган. 

Үйүнөн чыгып кеткен жашы жете элек үч бала көчөдө тилемчилик кылып жүргөн жеринен РИИБдин жашы жете электер менен иштөө кызматкерлери  тарабынан табылып,  ата-энесине өткөрүлүп берилди. Ошону менен катар бул үй-бүлөнүн абалы боюнча райондук социалдык жактан коргоо мекемесине балдарына жардам алуу боюнча сунуш жөнөтүлдү.  

Сузак РИИБдин кызматкерлери тарабынан бул багытта алдын алуу жана түшндүрүү иштери дагы да болсо үзгүлтүксүз жүргүзүлө бермекчи.


Ссылка: https://barometr.kg/suzakta-tilemchilik-kylgan-3-zhash-bala-jn-kajtaryldy-srt



Добавить комментарий