Коронавирусту жугузган дагы 41 учур катталды, 1 бейтап каза болду

13 июнь 2020 10:48 889 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Өткөн сутка ичинде  1 бейтап COVID-19дан  каза болду. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.  

Ош шаардык ооруканасынан 1 бейтап (52 жаштагы эркек киши) вирусту жеңе албай жанын берди.   Жалпы каза болгондордун саны 27.

Республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 41 учур катталды. 

Алар:
 Бишкек ш. – 18
 Чүй облусу - 6
 Ош ш. – 6
 Ош облусу - 2
 Баткен облусу - 1
 Ысык-Көл облусу - 2
 Нарын облусу - 3
 Жалал-Абад облусу - 3

Стационарда – 457, алардын ичинен реанимацияда – 2, оруканадан чыгарылды – 1722, каза тапты – 27.
Республика боюнча: 2207учурга жетти.

Ссылка: https://barometr.kg/sutka-ichinde-sovid-19-infekciyasynyn-zhay-41-uchur-kattaldy



Добавить комментарий