Коронавирусту жугузган дагы 41 учур катталды, 1 бейтап каза болду
Өткөн сутка ичинде 1 бейтап COVID-19дан каза болду. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.
Ош шаардык ооруканасынан 1 бейтап (52 жаштагы эркек киши) вирусту жеңе албай жанын берди. Жалпы каза болгондордун саны 27.
Республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 41 учур катталды.
Алар:
Бишкек ш. – 18
Чүй облусу - 6
Ош ш. – 6
Ош облусу - 2
Баткен облусу - 1
Ысык-Көл облусу - 2
Нарын облусу - 3
Жалал-Абад облусу - 3
Стационарда – 457, алардын ичинен реанимацияда – 2, оруканадан чыгарылды – 1722, каза тапты – 27.
Республика боюнча: 2207учурга жетти.
Ссылка: https://barometr.kg/sutka-ichinde-sovid-19-infekciyasynyn-zhay-41-uchur-kattaldy
Добавить комментарий ×