ӨКМдин 112 номуруна бир суткада коронавирус боюнча 758 чалуу болду

14 апрель 2020 12:09 1476 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун тапшырмасынын негизинде министрлик бир суткада аткарган иштери боюнча маалымат берди.

Ага ылайык,  13-апрель күнү өлкө боюнча 442 100 погондук метр унаа жолдор  дезинфекцияланды . Санитардык-карантиндик жана блокпостторго ӨКМ тарабынан 120 даана чатыр жана 58 мобилдик турак-үй орноштурулган.

Бишкек шаарындагы жана региондордогу обсервацияда жайгаштырылган жарандарга ӨКМ тарабынан күн сайын 3 маал ысык тамак-аш берилүүдө ( меню алмаштырылып турат).

Ошондой эле, 112 ыкчам номуруна өткөн сутка ичинде жалпы 8052 чалуу катталып, анын ичинен 758 коронавирус боюнча чалуу түшкөн.

Өлкөдө уюштурулган постторго, дезинфекциялоо жумуштарын аткаруу жана обсервацияда жайгашкан жарандарга ыңгайлуу шарт түзүүгө (орундук, тамак-аш жеткирүү)  ӨКМ тарабынан 139 куткаруучу жана  12 унаа тартылган.

Ссылка: https://barometr.kg/sutka-ichinde-km-tarabynan-atkarylgan-ishter-boyuncha-kyskacha-maalymat



Добавить комментарий