Суроонуз болсо берип калыңыз. Министрлер соцтармак аркылуу түз байланышка чыгат (график)

18 август 2022 17:08 1325 Barometr
Бөлүшүү:
ok

19-августан тарта соцтармак аркылуу мамлекеттик органдардын жетекчилери жарандар менен түз эфир аркылуу байланышка чыгат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров мамлекеттик органдарга  социалдык түйүндөргө түз чыгып аткарылган иштер тууралуу кыргызстандыктарды маалымдоону тапшырган.

Төмөндө 2022-жылдын 19-августуна карата мамлекеттик органдардын жетекчилеринин «Facebook» жана «Instagram» социалдык тармактарында расмий аккаунттары аркылуу түз эфирге чыгуу графигин сунуштайбыз:

1.  09:00 – Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, министрдин орун басары, полковник Урматбек Муслимович Шамырканов ӨКМ ишмердүүлүгүнө байланыштуу суроолорго жооп берет. (жооптуу адам: Токторов А. 0778-83-50-00);

2. 11:00 – Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, министрдин орун басары Касейинов Кубат Үсөнкулович министрликтин жер жана суу ресурстарын башкаруу саясатына, мөңгүлөрдүн учурдагы абалы жана анын келечегине байланыштуу суроолорго жооп берет.

(жооптуу адам: Исабаева А. 0990-30-11-31);

3. 15:00 - Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, министрдин биринчи орун басары Чоро Сейитов 2022-жылдын январь-июль айларындагы Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрү жөнүндө.

(жооптуу адам: Маматова М. 0550-90-01-30);

4. 15:00 - Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги, санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Айдарбек Мамбеткадыров Калкты тейлөө борборлорунун иши, документтештирүү жана архив иши маселеси боюнча

(жооптуу адам: Кыдырмышева Э. 0 509 888 011);

5. 15:00 - Социалдык фонд

(жооптуу адам: Абдылдаев А. 0550 28 96).

Ссылка: https://barometr.kg/suroonuz-bolso-berip-kalyyz-ministrler-el-menen-soctarmak-arkyluu-tz-bajlanyshka-chygat-grafik



Добавить комментарий