Суицид алдындагы жүрүм-турум деген эмне? Аны кантип токтотсо болот?

4 апрель 2023 08:10 8672 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Пандемиядан улам депрессия абалында болгондор көбөйүп жатканын Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму эскертип келет. Психологияда суицид боло турган адамдын жүрүм-туруму деген түшүнүк бар. Ал кандай болот? Жакындарыңыз же айланада жүргөн тааныштарыңыз андай абалда жүргөнүн кантип билүүгө болот? Кайсы топтогу адамдар жанын кыюу тобокелдигине көп барышат? Бул суроолорго barometr.kg психологдун кеңешине таянуу менен жооп берет.

Суицид боло турган адамдын жүрүм-туруму деген эмне, аны кантип билсе болот?

Бул аутоагрессивдүү (адамдын өзүнө карата агрессияда болгону) жүрүм-турум, ал ачык жана жабык түрдө өнүгүшү мүмкүн. Ал абал адамда ой, образ же аракет түрүндө пайда болуп, өзүн жок кылууга багытталат.

Эгерде адам өлүп калгысы келгенин айтып жүрсө, уктап жатып ойгонбой калгысы келгенин айта баштаса бул жаман белги, буга кошумча баарынан үмүт үзгөн абалда жана приципте көп убакыттан бери болуп жатса-жанын кыюуга багытталган жүрүм-турумдун маркери болушу. Дагы бир нече белгилер бар:

-Адам өзүнө зыян алып келе турган бир нерселерди сатып алат.

-Адам көптөн бери депрессия абалында болуп эч ким менен сүйлөшпөй жүрүп эле, анан бир маалда кескин түрдө   адамдар менен сүйлөшүп баарлашып, карыздарын бере баштаса. 

-Адам коштошуу катын жазса. 

-Адам кооптуу иштерди көп жасай баштаса, мисалы ичимдик ичкен катуу мас абалында рулга отуруп, же экстремалдуу спортко кызыга баштаса.

-Кескин түрдө эле жакындары менен байланышпай калса.

“Суициденттер баарын унчукпай жасап салат” деген бул адашуу. Көп учурда алар жашагысы келбей жатканын айтып нааразы болуп жүрүшөт. Баары кайсы бир старт берүүчү крючоктон башталат, бирок адам оюн ишке ашырганга чейин кандайдыр бир убакыт, аралык өтөт.

Эң эле маанилүү нерсе-адамды мындай ишке психологиялык эмоционалдык негативдүү жагдай түртөт.Экинчиси-психогендик фактор.

Мындай адамдар катуу эмоционалдык жактан жабыркап аны оңдоого мүмкүнчүлүк таппай жарга такалган болушат.

Эң эле кеңири жайылган себеп-узакка созулган ачык жана жашыруун депрессия. Адам бирөөгө өзүн керексиз сезинүү, баарына оордук кылып жатам деген оюу, эч кимге кызыгым жок деген оюу жана жалгыздык сезими анын бул аракетке баруусун күчөтөт.

Ошондой эле себептер: жоготуу, ажырашуу, бирөөдөн айрылуу болушу ыктымал. Мисалы, банкрот болуу, психологиялык травма жана башкалар.

Кимдер тобокелдик тобунда болот?

-Психикалык жана бузулууларга-биполярдык бузулуу, депрессия, чектин бузулуусу, шизофрения (бул учурда кулагына үндөр угулуп кайсы бир ишке түртүшү мүмкүн) менен ооругандар.

-Өтө оор оору менен жабыркап жаны кыйналгандар. 

-14 жаштан 24 жашка чейинки өспүрүмдөр менен жаштар

Анткени бул арада мээ системасы активдүү өсүүгө туш болот. Мындай фондо импульсивдүү жүрүм-турум келип чыгат жана ал радикалдуу чечимдерди кабыл алууга жол ачат.

-Улгайган, пенсия курагындагы адамдар

Пенсияга чыккан учурда жашоосундагы кескин өзгөрүү адамда чоң стрессти пайда кылат.

-Согуш, чатактарды көрүп келген адамдар

Согуш аракеттерин көрүп келген адамдардын баарында посттравматикалык стресстик бузулуу деген абал өнүгөт. Бул оор абал.Мындай адамдарга сөзсүз реаблитация жана психитерапия керек.

Айланада ушундай аракетке барууга аракет кылган абалдагы адамдар болсо алар менен сөзсүз түрдө атайын адис-психотеравпевт иштеши керек.

Ссылка: https://barometr.kg/suidcid-aldyndagy-zhrm-turum-degen-emne-any-kantip-toktotso-bolot



Добавить комментарий