Судандын премьер-министрине кол салуу болду
Белгисиз кишилер Судандын премьер-министри Абдалла Хамдокко кол салышты. Бул тууралуу анын маалымат кызматы кабарлап, өкмөт башчынын ден соолугу жайында экенин жана коопсуз жайга жеткирилгенин билдирди.
Ага ылайык, премьер-министрге ишке баратканда кол салуу болуп, аны өлтүрүү аракет болгон. Окуя болгон жер атайын кызмат тарабынан курчоого алынып, саясатчыга кол салуу фактысы боюнча тергөө башталды.
Ага ким кол салганын азыр эч бир топ өзүнө ала элек.
Эске салсак, 2019-жылы августта Судандын аскер кеңеши менен “Эркиндик жана өзгөрүү үчүн күчтөр” оппозициялык кыймылы конституциялык декларацияга кол койгон. Ал өлкөнүн өткөөл мезгилиндеги негизги мыйзамы болуп саналат.
Былтыр апрель айындагы толкундоолордон кийин өлкөнүн коргоо министри Авад бен ауф өкмөттү таратып, мамлекетти 1980-жылдан бери башкарып келе жаткан диктатор Омар аль-Башир кармалган болчу.
Ссылка: https://barometr.kg/sudandyn-premer-ministrine-kol-saluu-boldu
Добавить комментарий ×