Египетте орусиялык туристти жеп салган акула музейге коюулат

14 июнь 2023 11:28 1122 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Египеттеги Деңиз илимдери жана балык чарбасы улуттук институтунун жетекчиси доктор Амр Закария Хаммуда Хургадада орусиялык туристке кол салган акула музейге өткөрүлөрүн билдирди. Бул тууралуу Arabic.rt.com сайтына шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет. 

Амр Хаммуда адам жеген акула текшерилип, мумияланганын айтты.

Эксперттер жырткычтын адамга кол салуусунун себебин аныктоо үчүн изилдөө иштерин жүргүзгөндөн кийин деңиз илимдеринин музейине өткөрүлүп берилет. 

Институттун жетекчиси акулалар адамдын этин жебей турганын жана алардын жүрүм-турумундагы кандайдыр бир өзгөрүүлөр жаныбарлардын жүрүм-турумунун өзгөрүшүнө шарт түзгөн дүйнөдөгү жалпы өзгөрүүлөрдү көрсөтөөрүн белгиледи.

8-июнда Египеттен жолборс түркүмүндөгү акула 23 жаштагы орусиялык туристти атасынын көзүнчө белгилүү курорттордун биринде жеп салган. Каргашалуу окуянын видеосу ошол эле күнү интернетке тараган. Кийинчерээк жырткыч акула кармалган.  
 
 


Ссылка: https://barometr.kg/egipette-orusiyalyk-turistti-zhep-salgan-akula-muzejge-koyuulat



Добавить комментарий