Элчилик: Орусиядан 41 жаштагы кыргызстандыкты бычактаган өспүрүмдөр кармалып, тергөө жүрүп жатат

1 май 2023 14:41 1807 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Якутиянын Мирный шаарында 24-апрелде Кыргызстанда туулган 41 жаштагы Уланбек Арстановго жергиликтүү тургундар мыкаачылык менен кол салган. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, бул окуя боюнча “Достук” кыргыз диаспора уюмунун өкүлдөрү жергиликтүү ыйгарым укуктуу органдардын, анын ичинде тергөө кызматынын жетекчилери менен жолугушкан.

“Кылмыш иши козголуп, ал Саха Республикасынын (Якутия) бардык тиешелүү компетенттүү органдарынын өзгөчө көзөмөлүндө”, -деп билдирди элчилик.   

«Достук» уюмунун жетекчисинин айтымында, жабыркаган мекендеш А.У. Орусиянын жараны. Учурда анын ден соолугу жакшырып баратат.   


 
 
 


 
 
 

Ссылка: https://barometr.kg/elchilik-orusiyadan-41-zhashtagy-kyrgyzstandykty-bychaktagan-sprmdr-karmalgan



Добавить комментарий