Стресстен толуп кетпеш үчүн кандай тамактаныш керек?

24 март 2023 08:10 6987 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Баарыбыз эле узак мөөнөттө же кыска мөөнөттө стресске кабылабыз. Мындай учурда айрымдар тамакты, таттууну көп жей башташса, кээ бири тескрисинче табити жоголуп кетет. Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет 

Ашыкча таттуу же тамак жеген стресс гормону болгон картизолду иштеп чыгууга көмөк бере турган угловодду  организм сурап жаткандыктан болот.

Стресс маалында ден соолукка зыян алып келбеген азыктарды диетологдор эсептеп чыгышкан. Стресске төмөнкү азыктар каршы тура алат.

1. Ачуу шоколад. Анда кофеин жана теобромин бар бул стрессти жана чарчоону басат.  

2. Бал. Бул азык эң мыкты антидепрессант болуп саналат. 

3. Капуста. Бул жашылча калкан безинин активдүүлүгүн төмөндөтөт жана мындан улам нервди тынчтандырат. Айрыкча  броколли тынчсыздануудан, коркуудан депрессиядан сактайт.   

4. Помидор. Чарчап чаалкыканды баса турган эң мыкты жашылча-жемиш.   

5. Сыр. Андагы триптофан тынчтандыруучу күчкө ээ.   

6. Миндаль. Жаңгактын бул түрү тынчтандырып уйкусуздуктан арылтат. 

7. Тооктун эти. Бул азыкта триптофан көп болгондуктан, организди стрессттен арылтууга жардам берет.   

8. Тропикалык жемиштер. Аларда күч кубат бере турган С витамини көп.  

9. Цитрус өсүмдүктөрү.  Нервди тынчтандырат, С витаминине бай. 

10. Курма жана инжир. Маанайды көтөрүп, серотонинди иштеп чыгууга көмөкчү болот.

 11. Жер жаңгак же болбосо арахис триптофандын булагы.

 12. Банан. Кубаныч гормону болгон серотониндин булагы.

Ссылка: https://barometr.kg/stressten-tolup-ketpesh-chn-kandaj-tamaktanysh-kerek



Добавить комментарий