Эмоционалдык стресс эмнеси менен коркунучтуу?

13 октябрь 2022 08:15 2799 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Сааттын чырылдаганы, шашып-бушуп эртең мененки тамакты ичүү, маршруткадагы тыгылыш, катаал башчы, анча жакшы эмес кесиптештер, түшкү тамакта чуркап барып жеп алган, мөөнөтү бүтүп бара жаткан сендвич, үйгө кайра тыгылышып келүү, насыяларды ойлоо... Мунун баары орточо абалдагы жумушчу башынан кечирип жаткан көрүнүштөрдүн бири.

Сиздин күндөрүңүз ушул сыяктуу сценарий менен уланып, дем алыш күнүңүз кир жуумай, тамак даярдамай менен өтүп жатса анда албетте эмоционалдык чарчоо абалына жакындап калыпсыз десек болот.Бул тууралуу barometr.kg психологдун айтканына таянуу менен кеңири түшүндүрмө берет.

Эмоционалдык чарчап-чаалыгуу оорубу?

Бул стресс жана чарчоо менен коштолгон оору, орусча выгорание деп коюшат. Мындай абал адамда биринчи эле учурда көп байкала бербейт.Уйкунун бузулушу, концентрациянын төмөндөшү, тез чарчап калуу, ачуулана берүү, иштен жана жасалган жумуштун жыйынтыгынан канаат алуунун жоктугу пайда болот.Мунун баарын адам аба ырайына, жаш  куракка, жумуштагы убактылуу кыйынчылыктарга шылтап коюп мурдагы ритмдеги жашоосун уланта берет.Андан соң бул абалдын экинчи этабы башталат.Адам канчалык бул абалда көп убакыт калса ошончолук анын жашоо процесстери бузулат. Үй жумуштары, жакындары менен сүйлөшүү аябай оордой сезилет. Жуурканга чүмкөнүп жатып эч ким сизге тийишпесе деп каласыз. Чатактар, пикир келишпөөчүлүктөр көбөйөт, майда-чүйдө нерсеге эле таарынып, өзүңүздү кармана албай каласыз. Балдарга, жубайыңызга таарыныч болуп, ал тургай ажырашууга чейин жетүүсү мүмкүн.Адам арыктап же тескерсинче толуп кетет.

Мындай күч келүү менен иштөө бир катар психикалык жана соматикалык бузулууларга алып келет: тамак сиңирүү жолдорунун бузулушу, жүрөк-кан тамыр системасынын бузулушу, өнөкөт ооруларындын козголушу, эс тутумдун төмөндөшү, кабатыр боло берүүчүлүк, агрессия жана депрессиялык абалдардын белгилери өнүгөт.

Кимдер көп кабылат?

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму бул ооруну XXI кылымдын оорусу деп атаган.

«Выгорание» (англисче burnout) терминин  психологияга 1974-жыл  Герберт Фрейденбергер деген дарыгер киргизген. Көп учурда дарыгерлер, мугалимдер, өрт өчүрүүчүлөр, куткаруучулар, милициялар, офис жумушчулары жана фрилансерлер бул ооруга көп кабылышат. 2019-жылы Дүйнөлүк саламаттыктыкты сактоо ассамблеясында аталган абал биринчи ирет “оору” деген статусту алды жана Эл аралык оорулар квалификациясына киргизилди.

Белгилери

Узак убакыттар бою кетпеген чарчоо, алсыроо, сейилдөөгө спортко, дегеле кыймылдаганга көңүлдөнбөө.

Жумушта “автопилот” режими менен эле иштеп калуу.

Жумушту майнаптуу иштебөө: мурда бир жумада жасап коючу жумуштарды, эми бир аптада араң-араң бүтөсүз.

Ишке карата, адамдарга карата жек көрүү сезими.

Ашыкча тамак жеп, чылым чегүү, ичимдик ичүүнүн күчөп кетиши же тескерисинче табиттин жоголушу.

Баарына көңүл коштук.

Конфликттер.

Эмне кылуу керек?

Биринчи кезекте организмди стресстен арылтууга көмөктөшүү керек. Жашоо образыңызды мүмкүн болушунча өзгөртүңүз. Жумуш убактысында гана иштеңиз.Тынымсыз жумуш станоктор менен машиналарга гана таандык, ошондо да аларды тазалап, майлап туруш керек.Эс алууну туура уюштура билиңиз, уйкуну толук кандырыңыз.Эмгек өргүүсүн алыңыз. Мунун баары жардам бербей жатса дарыгерлерге, атайын адистерге кайрылыңыз.

Ссылка: https://barometr.kg/emocionaldyk-stress-emnesi-menen-korkunuchtuu



Добавить комментарий