АКШда адамды "уктатуучу" суусундук сатыла баштайт

15 сентябрь 2020 12:10 1004 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Америкалык PepsiCo компаниясы Driftwell ичимдиктерин сатууну пландап жатат, ал стресстен улам уйкусуздуктан жапа чеккендерге жардам берет. Бул тууралуу 15-сентябрда CNBC телеканалы билдирген маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Бул суусундук 2021-жылдын биринчи кварталында дүкөндөргө чыгаары күтүлүүдө. Driftwell суусундугунун курамы суудан, табигый жол менен пайда болгон аминокислота L-теанинден турат, бул организмдин стресске туруштук берүүсүн жогорулатып, энергия топтоого жардам берет. Суусундук ежевико-лавандо даамын сездирип турат.

Белгиленгендей, суусундукту иштеп чыгуу пандемияга чейин башталган.

Euromonitor International уюмунун болжолунда, 2019-жылы АКШда суусундуктардын сатылышы 2,97 миллиард долларды түзүп, быйыл кеминде 5% өсүшү күтүлүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/akshda-adamdardy-uktatuuchu-suusunduk-satyla-bashtajt



Добавить комментарий