“Аалам сулуусу 2021” наамын мексикалык Андреа Меза жеңип алды

17 май 2021 11:43 3702 Айпери Эшенкулова
Бөлүшүү:
ok


“Аалам сулуусу 2021” титулун мексикалык 26 жаштагы Андреа Меза (Andrea Meza) жеңип алды. Бул тууралуу жеңүүчүнүн соцтармактагы баракчасындагы маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Тажыны жеңүүчүгө Түштүк Африкадан келген “Аалам сулуусу 2019” Зосибини Тунзи тапшырды. Алдыңкы 5-орунга Бразилия, Индия, Доминикан Республикасы жана Перунун өкүлдөрү кирди.

Андреа Меза “Аалам сулуусу 2021” наамын жеңип алган үчүнчү мексикалык аял болду. Буга чейин мексикалыктар 1991 жана 2010-жылдары жеңишке жетишкен.

Конкурс салтка айланып калгандай бир нече этапта өткөрүлдү: жарым финал, улуттук көйнөктөрдүн шоусу жана финал. Конкурстун жүрүшүндө катышуучулар өздөрүн көрсөтүштү. Купальниктер менен көрүнүш болуп, кече көйнөктөрдө мода көрсөтүлүп, катышуучулар менен маектешүүлөр болду.

Эске сала кетсек, коронавирус пандемиясынын айынан өткөн жылы жылдырылган “Аалам сулуусу” сынагы быйыл Американын Голливуд шаарында офлайн форматта өттү.

Ссылка: https://barometr.kg/aalam-suluusu-2021-naamyn-meksikalyk-andrea-meza-zheip-aldy



Добавить комментарий