Стас Барецкий ырчы МакSимди жерге берүү зыйнатына көмөктөшөрүн айтты

2 июль 2021 12:19 7352 1 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кесиптик ритуалдык агенттиктер союзунун президенти жана эстрада ырчысы Стас Барецкий ырчы Марина Абросимованын (МакSим) тажиясын уюштуруу иштерине жардам бере турганын билдирди. Бул тууралуу “РИА Новости” агенттигине берген маалыматка шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Учурда ырчы МакSим Москвадагы ооруканалардын биринде жасалма комада жатат.

Стас Барецкий өзүнүн мындай сунушун ырчынын ырларын сүйүп уккандыктан айтып жатканын билдирди. Ал Москвадагы эң жакшы көрүстөндөрдүн биринде тажияны акысыз уюштуруп берем деди.

“Мен ырчы МакSимди көптөн бери билем. Мен ал кезде «Ленинград» группасы менен гастролго чыкчумун, ошондон бери таанышпыз. Анын чыгармачылыгына чын дилден суктанам жана азыркы абалына абдан шок болуп турам”,-деп айтты Барецкий.

Ал өзүнүн мындай билдирүүсү орундуу эле айтылып жатат деп эсептейт. “Баарын алдына ала ойлонгон жакшы, өлүп калгандан кийин эмне кылабыз деп калбаш керек”, - дейт ырчы.

Ырчы МакSим коронавирустан улам жабыркап, өпкөсүнүн 80 пайыздайы жабыркаган жана учурда жасалма комада жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/stas-bareckij-yrchy-maksimdi-zherge-ber-zyjnatyna-kmktshrn-ajtty



Добавить комментарий