Starlink спутниктери кайсы убакта учат?

29 май 2019 14:54 2519 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Акыркы кездерде Американын SpaceX компаниясынын спутниктери тууралуу кептер көбөйдү. Кое берилгени тууралуу билбегендер бул түзүмдөрдү НЛО катары кабылдап жатышканын news.com сайты жазды.

Бир нече күн мурда Илон Масктын SpaceX компаниясы орбитага өзүнүн биринчи Starlink интернет-спутнигинен 60ты учурган. Ал аталган ишкананын 12 000 спутнигин жайгаштыруу боюнча амбициялуу долбоорлорунун бири.

Спутниктер түнкүсүн учканы күйгөн чекиттер сыяктуу көрүнгөн. Бул боюнча видеолорду Интернет тармактарынан табууга болот.

Көптөрү Starlink спутниктери жашаган жерлеринен өтө турган күндөрдү сурап жатышат. Бул боюнча http://me.cmdr2.org/starlink/#1515 сайтында бар. Ал жакта спутниктер жайгашкан жерди көрүп, уча турган күнүн билүүгө болот.

Ссылка: https://barometr.kg/starlink-sputnikteri-kajsy-ubakta-uchat



Добавить комментарий