Илон Масктын кишилердин мээсине орнотулуучу чипин адамдарга сыноого уруксат берилди

26 май 2023 10:30 973 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Илон Маск негиздеген америкалык Neuralink нейротехнологиялык компаниясы адамдарда клиникалык сыноолорду өткөрүүгө уруксат алды. Бул тууралуу компаниянын твиттер баракчасындагы билдирүүсүнө шилтеме берип “Барометр” билдирет.

"Биз FDA (Тамак-аш жана дары-дармек башкармалыгы) биринчилерден болуп  адамдарга клиникалык сынообузду ишке ашырууга уруксат алганыбызды жарыялоого кубанычтабыз! 
Бул Neuralink командасынын FDA менен тыгыз кызматташуудагы укмуштуудай ишинин натыйжасы жана маанилүү биринчи кадам болуп саналат. Биздин технология көптөгөн адамдарга жардам берүүгө мүмкүндүк берет”, -деп жазылат билдирүүдө. 

Компаниядан кошумчалагандай, клиникалык сыноолорго ыктыярчыларды тандоо тууралуу маалымат жакынкы аралыкта жарыяланат.   

Илон Маск адамдарга чип орнотуу тууралуу планы бар экенин 2020-жылдын май айында жарыялаган.  

Белгилей кетсек, чип орнотуу чочко жана маймыл өңдүү жаныбарларга ийгиликтүү колдонулган.    

Андан соң, жаныбарлардын укугун коргоочулар америкалык нейротехнологиялык компанияны маймылдарга катаал мамиле жасап жатат деп айыпташкан.    

2021-жылы Илон Маск анын Neuralink компаниясы тарабынан жасалган мээ импланты 2022-жылы эле адамдарга трансплантациялана башташы мүмкүн деп жарыялаган.      
 
 
 
 
 

Бирок, дүйнөлүк көзөмөл органы компаниянын арызын четке каккан. Компаниянын арызы 2023-жылдын мартында да четке кагылган.       
 
 
 
 
 

Мындай чиптер адамдын мээсинин сырткы бетине миңдеген электроддорду коюуга мүмкүндүк берет. Ар бир электрод чачтан ичке кичинекей зым. Ал баш сөөктүн өзүнө орнотула турган алыстан заряддалуучу чипке туташат.          

Масктын өзүнүн айтымында, бул технология шал оорусуна чалдыккандарга басууга, көзү азиздерге көрүүгө, ошондой эле башка жаракаттардан айыгууга жана жасалма интеллект менен өз алдынча баарлашууга жардам берет.           

Илон Маск келечекте Neuralink чиптеринин бирин өзүнө имплантациялоону пландоодо.             
    

Стартап жумушчулары дүйнөдө ансыз да аз болгон нейрохирургдардын кызматын колдонбоо үчүн чипти киргизүү технологиясын толугу менен автоматташтырууну каалашат. Масктын көз карашына ылайык, муну атайын үйрөтүлгөн R1 роботу жасайт, ал сөөк, мээ жана кан тамырларга зыян келтирбестен баш сөөгүн кесип алат.    
 
 
 
 
 
 
 
 
 

Ссылка: https://barometr.kg/ilon-masktyn-mee-implantatyn-adamdarda-synoogo-uruksat-berdi



Добавить комментарий