Стационарда иштеген студент кыздын өлүмү тууралуу министрлик жооп берди

14 июль 2020 17:08 1518 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Күндүзгү стационарда ыктыярчы дарыгер болуп эмгектенген КММАнын студенти эки тараптуу пневмониядан каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматына таянып  “Барометр” билдирет.

Маалыматка ылайык, Медицина окуу жайынын 5-курсунун окуучусу борбор калаанын күндүзгү стационарларынын биринде ыктыярчы дарыгер болуп иштеп келгенине 11 күн болгон.

Каза болгон 22-жаштагы кыздын ден соолугу кескин начарлап, денеси карыша баштаганын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

“40 мүнөттөй жандандыруу аракетинен майнап чыкпай бейтап бир сааттан кийин көз жумган. Алдын ала маалымат боюнча өлүмдүн себеби эки тараптуу пневмония. Толук диагноз соттук-медициналык иликтөөнүн жыйынтыгынан кийин белгилүү болот”, - деп билдиришти министрликтен.

Каза болгон дарыгерде коронавирус жана пневмониянын белгилери байкалбаганын анын кесиптештери белгилешет.

“Менин жакын курбум, кесиптешим  каза болду. Биз аны сактап калганга жетишпей калдык. Ал жумушун бүткөндөн кийин уктаганы жаткан бойдон өзүнө келген жок. Андан коронавирустун жана пневмониянын белгилери байкалган эмес”, - деп билдирди кесиптеши.

Бүгүн, 14-июлда студент кыздын стационарда каза болгондугу тууралуу маалымат түшүп, анын кесиптеши тарткан видео  интернет айдыңына тараган.

Ссылка: https://barometr.kg/stacionarda-ishtegen-student-kyzdyn-lm-tuuraluu-ministrlik-zhoop-berdi



Добавить комментарий