Бишкекте кыргыз искусствосунда легендага айлангандардын катышуусунда жогорку маданият кечеси өттү - сүрөт
8-март аялдардын эл аралык майрамынын алдында Бишкекте СССРдин эл артисти наамын алган үч легенданын — Кайыргүл Сартбаева, Самара Токтокунова жана Айсулуу Токомбаеванын катышуусунда 7-мартта Бишкектеги коомдук-маданий жайлардын биринде “Жогорку маданият кечеси” өттү.
Уюштуруучулардын айтымында, учурда дүйнө жүзү боюнча СССРдин эл артисти наамын алган 125 кишинин көзү тирүү. Алардын төртөө кыргызстандык залкарлар — Токтокун Сейталиев, Кайыргүл Сартбаева, Самара Токтакунова жана Айсулуу Токомбаева.
Бул иш-чарага Айсулуу Токомбаева Түркиядан атайы учуп келген. Токомбаева алардын урматына уюштурулган кече тууралуу буларга токтолду:
“Мен үчүн бул жан дүйнө майрамы, анткени мекениме келдим. Алыста жүрүп, ата мекенди сагынып, өзүң тааныган кишилер менен маектешүүнү самайсың. Бүгүн дал ушул кеч мага көптөн бери эңсеп жүргөн нерсемди орундатып берди”, — деди ал.
Айсулуу Токомбаева 25 жылдан бери Түркиянын Анкара шаарында балет мектебинде классикалык бий боюнча сабак берип келет. Ал өз сөзүндө “дүйнөнү каптаган коронавируска карабай” бул кечеге келгенин кошумчалады.
СССРдин эл артисти Кайыргүл Сартбаева улууларды көзү тирүүсүндө сыйлап калуу абдан маанилүү экенин айтты.
“Бүгүнкү кече абдан жакшы өтүп жатат. Мындайды совет доорунда дагы, эгемендик алгандан берки дээрлик 30 жылдан бери көргөн эмеспиз. Бизди — улууларды тирүү кезинде сыйлап жатканына чоң рахмат айткым келет”, — деди Сартбаева.
Ал эми белгилүү комузчу Самара Токтокунова ар бир артист үчүн өз жеринде, элинде сый көрүү эң чоң сыймык экенин айтат.
“Эл-журтка миң мертебе ыраазымын. Ушундай сонун уюштурган, жомоктогудай. Өз элиңде, жериңде ушундай сый көрүү артисттер үчүн эң маанилүү жана барктуусу. Элибиздин батасын алып, жылуу сөзүн угуп жатканыбызга ыраазыбыз”, — деди ал.
Бул кечеге андан сырткары маданияттын башка өкүлдөрү дагы чакырылган.
Уюштуруучулар быйыл Улуу атамекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы белгилене турганын эске алып, ардагерлерди дагы унутта калтырган эмес.
Кеченин жүрүшүндө Кайыргүл Сартбаева менен Самара Токтокунова өз өнөрүн көрүүчүлөргө тартууласа, белгилүү балерине Айсулуу Токомбаева обон созуп, көпчүлүктүн купулуна толду.
Жогорку маданият кечесинин соңунда Кайыргүл Сартбаевага, Самара Токтокуновага жана Айсулуу Токомбаевага “Залкар” төш белгиси тапшырылды.
Уюштуруучулар бул иш-чараны жыл сайын өткөрүнүн пландап жатат.
Добавить комментарий ×