27-мартта «Эргүү» улуттук театр сыйлыгы тапшырылат
Эл аралык театр күнүнө карата «Эргүү» улуттук театр сыйлыгы тапшырылат. Бул тууралуу маданият министрлигинин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалым болгондой, 27-март Эл аралык театр күнүнө карата Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрында “Эргүү” улуттук театр сыйлыгы кыргыз театрларында коюлган спектаклдердин жана үзүрлүү эмгек кылган театр кызматкерлеринин мыктыларына тапшырылат.
Иш-чарага театр ишмерлери жана кызматкерлери Борбордук «Ала- Тоо» аянтынан жөө жүрүш менен саат 16.00 Т. Абдумомунов атындагы драма театрынын алдына чогулат. Иш- чаранын расмий бөлүгү саат 17-00до, сыйлык тапшыруу аземи 18-00да башталат. Сыйлык тапшыруу аземи концерттик программа менен коштолуп, мыктыларга «Эргүү» улуттук сыйлыгынын статуэткалары, дипломдор жана акчалай сыйлыктар берилет.
Эл аралык театр күнүн майрамдоо бенча токтом 1962-жылы Париждеги Улуттук Театрдын ачылыш аземине байланыштуу эл аралык театр институтунун IX конгрессинде кабыл алынган. Мына ошол күндөн бери дүйнө жүзүндөгү сахна адамдары, анын ичинде Кыргызстанда да 1962-жылдан баштап 27-мартты кесиптик өнөр майрамы катарында белгилеп келет.
Театр ар кандай мезгилдерде жана маданияттарда өнүгүп келе жатат. Бүгүнкү күндө биз бир нече жанрларды эсептей алабыз, алардын ичинен көп таркаганы: драма, опера, музыкалык, балет, трагедия, трагикомедия, пантомима, комедия ж.б. Булар көрсөтүлө турган жана коомчулукка жете турган сюжетти талап кылат. Окуя диалог, жаңсоолор, музыка, декорация, жарык жана үн ж.б. элементтер менен коштолушу керек. Бул элементтердин бири болбосо, спектакль жаралышы мүмкүн эмес.
Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу 22 театр оюн-зоок мекемелери чыгармачылык иш жүргүзөт. Анын ичинен 8 музыкалык-драма театры, 7 драма театры, 2 куурчак театры, 3 филармония 1 опера жана балет театры жана мамлекеттик цирк бар.
Ссылка: https://barometr.kg/27-martta-erg-uluttuk-teatr-syjlygy-tapshyrylat
Добавить комментарий ×