Сүрөт. Ырчы Самара Каримова кош бойлуубу?

11 апрель 2019 13:45 8725 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Кечээ, 10-апрель күнү Самара Каримова өздүк майрамын өзүнүн “Самара” чайканасында жакындарынын курчоосунда белгиледи.

Маалым болгондой ырчы быйыл 28 жашка толду. Каримова туулган күнүн жакын санаалартарын, сахналаш досторунун, туугандары жана курбуларынын курчоосунда өткөрдү. Бул тууралуу ырчы өзүнүн интернет баракчасынан билдирди.

Таң аткандан баштап Самара айымдын дарегине жакшы каалоо-тилектер жаады. Бирок туулган күндөгү сүрөттөр интернетке чыгаары менен көпчүлүк Самара Каримованын кийген кийимин тарта сынга алууга өтүштү.

Ырчы туулган күндөн жолдошу менен түшкөн сүрөту менен бөлүшүп:

“Сонун майрам үчүн чоң рахмат Аскем! Эми үйгө келдик, жалпы куттуктоолор үчүн рахмат”, -деп дагы сүрөттөр менен бөлүшөөрүн айтты.

Бирок ырчы эмнегедир пикир калтыруу бөлүмүн өчүрүп койду.

Ал эми Каримова менен туулган күн учурунда түшкөн сүрөттөр чыгаары менен интернет колдонуучуларын “Самара кош бойлуубу?” деген суроолор кызыктыра баштады.

Көпчүлүк ырчынын дарегине “кош бойлуу окшойт” “көйнөгу неге мындай?” “көйнөгу жаккан жок” “боюнда барбы?” деген өңдүү пикирлерин жазып калтырышууда.

Самара Каримова өзү бул тууралуу эч нерсе дей элек.

Ссылка: https://barometr.kg/srt-yrchy-samara-karimova-kosh-bojluubu



Добавить комментарий