"Спутник V" вакцинасынын кыйыр таасирлери тууралуу маалымат жашыруунбу?
Бүгүн, 29-июлда брифингде Кыргыз-россия славян университетинин базалык жана клиникалык фармакология кафедрасынын башчысы Аида Зурдинова Кыргызстанда колдонулуп жаткан вакциналардын коопсуздугу тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу “Барометр” маалымдайт.
Профессор бүгүнкү күндө Кыргызстанда үч вакцина колдонулуп жатканын эскертти. Алар Россиянын "Спутник V", Кытайдын Sinopharm жана британ-швед өндүрүшүнөн чыгарылган AstraZeneca вакциналары.
Sinopharm, AstraZeneca вакциналары Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан сунушталган.
“AstraZeneca вакцинасы боюнча анын тромбозду пайда кыла турганы тууралуу маалыматтары окурмандарга тааныш. Баардык кыйыр таасирлери тууралуу маалыматтар топтолуп, анализделип жатат. Анын жыйынтыгында дүйнөдөгү ар кандай ассоциациялар вакцина алгандан кийинки тромбоз менен күрөшүүгө колдонмо иштеп чыгып жатышат”,-деп айтты Зурдинова.
Россиянын вакцинасы тууралуу талаштуу маселелер көп.
“Бул вакцинанын кыйыр түрү тууралуу маалымат жабык.Ал тууралуу расмий маалыматтар жок. Андан улам ар кандай дискуссиялар пайда болду. ДСУ аталган вакцинаны экспертизадан өткөрө элек”,-деп айтты Зурдинова.
Ссылка: https://barometr.kg/sputnik-v-vakcinasynyn-kyjyr-taasirleri-tuuraluu-maalymat-zhashyruunbu
Добавить комментарий ×